ИСАКЕЕВ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ИСАКЕЕВ (мурдагы Большевик), Ү к ө к – Нарын обл-нун Кочкор р-нундагы кыштак. Кочкор айыл округуна караштуу. Деңиз деңг. 1810 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Кочкор кыш-нан 7 км түш. тарапта. Балыкчы т. ж. бекетинен 67 км. Кыштак 1930-ж. негизделген. Калкы 1849 (2007); негизинен мал ж-а дыйкан чарбасында эмгектенет. Орто мектеп, клуб, китепкана бар. Мончо, медпункт иштейт. Ушул кыштакта туулган коомдук ишмер Б. Д. Исакеевдин ысмы ыйгарылган.