ИСАКЕЕВ 1

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИСАКЕЕВ Баялы Дыйканбаевич (октябрь, 1897, Нарын обл., Кочкор р-ну, Үкөк айылы – 8. 11. 1937, Фрунзе) – парт. ж-а мамл. ишмер; Кырг-н­дын алгачкы Конституциясынын авторлору-

нун ж-а улуттук мамлекет­ти негиздөөчүлөрдүн, «Ма­нас» эпосун орус тилине ко­торуунун алгачкы демил­гечилеринин бири. Нарын ш-ндагы орус-жерг. мектеп­интернатын (1916), Ташкент­теги О. Азия коммунист­тик ун-тин (1923), Москва­дагы ВКП(б) БКнын ал­дындагы парт. мектепти (1926) бүтүргөн. 1917–20-ж.

Кум-Бел-Арал ж-а Орто-Токой менчик почта бекеттеринде күзөтчү, киречи, бекет башчысы, 1920–21-ж. Үчүке (Кочкор) болуштугунун атка­руу к-тинин, 1921–23-ж. Нарын уезддик партия к-тинин, 1924–25-ж. Түркстан АССР КП(б) Леп­си ж-а Каракол уезддик шааркомунун, 1926– 27-ж. Кыргыз АССР КП(б) Каракол округдук к-тинин бөлүм башчысы, 1927–28-ж. «Кызыл Кыр­гызстан» гезитинин жооптуу редактору, 1928– 29-ж. ВКП(б) Кыргыз обкомунун бөлүм башчы­сы, 1929–30-ж. Кыргыз АССР жер иштер комис­сары, 1930–33-ж. ВКП(б) Кыргыз өкмөтүнүн баш­чысы, 1933–37-ж. Кыргыз ССР (адегенде АССР) ЭКСтин төрагасы. Кыргыз АССР БАКка (1928– 37), СССР улуттар советине (1931–35), СССР БАКка ж-а анын Президиумуна (1935–37) мүчө. ВКП(б) БКнын 17-съездинин ж-а СССР Совети­нин атайын чакырылган 6-, 7-, 8-съезддеринин делегаты. 1937-ж. улутчул-контррев-ячыл топ­тун катышуучусу деген жалаа м-н камалган ж-а атуу жазасына тартылып, 1957-ж. актал-


ган. Бишкек ш-нда эстелиги орнотулуп, ысмы борбордун бир көчөсүнө ж-а Кочкор р-нунун бир айылына ыйгарылган.

А. Түркмөнов.