ИСАКОВ 3
ИСАКОВ Исмаил (10. 6. 1950-жылы туулган, Ош облусу, Алай району, Сопу-Коргон айылы) – генерал-лейтенант (2005). Ташкент Жогорку жалпы аскердик командалык окуу жайын (1973), Марксизм-ленинизм университетин (Венгрия, 1978), М. В. Фрунзе атындагы аскер академиясын (1984), «Выстрел» жогорку офицердик курсун (1989), Россия Федерациясы Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабынын аскер академиясын (1996), Гуманитардык укуктук эл аралык институтту (Италия, 1998) бүтүргөн.

1973–1976-жылдары мотоаткычтар взводунун командири, 1976–1978-жылдары аскерлердин түштүк тобунда рота командири (Венгрия), 1978–1981-жылдары рота командири, штаб башчысы-мотоаткычтар батальонунун командиринин орун басары, батальон командири, 1984–1992-жылдары полк, база, дивизия штабдарынын жана полк командиринин башчысы, 1992–1994-жылдары Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабынын күжүрмөн даярдык башкармалыгынын башчысы, 1994–1999-жылдары Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабынын башчысы – Коргоо министринин биринчи орун басары, 2005–2008-жылдары Кыргыз Республикасынын Коргоо министри, 2008-жылдын октябрь айына чейин Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысы, 2010-жылдын апрель айынан Кыргыз Республикасынын Коргоо министринин милдетин аткаруучу, Кыргыз Республикасынын Убактылуу өкмөтүнүн мүчөсү. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (2000–2005; 2010- жылдан). Аскерлерди даярдоо боюнча бир нече окуу куралдарынын жана методикалык сунуштардын автору.