ИСКУССТВО ТААНУУ
ИСКУ́ССТВО ТААНУУ – кең мааниде – коомдун бүткүл көркөм маданиятынын, ошондой эле искусствонун жалпы мыйзам ченемдерин, объективдүү өнүгүү логикасын, коом менен карым-катышын, адамга тийгизген таасирин, көркөм чыгарманын мазмуну жана формасы сыяктуу маселелерди изилдөөчү илимдер комплекси. Ушул мааниде искусство таанууга адабият таануу, музыка таануу жана башкалар кирет. Ал эми тар маанисинде – пластикалык жана мейкиндик искусствосу (архитектура, живопись, графика, жасалга жана колдонмо) жөнүндөгү илимий искусство таануу сүрөт искусствосу, архитектура, жасалга жана колдонмо өнөрү жана дизайндын көп аспекттерин изилдейт. Искусство таануу үч бөлүмдөн турат: искусство тарыхы, теориясы, көркөм сын. Искусство теориясы социалдык философиялык көз караштарды жана жалпы түшүнүктөрдү пластика өнөрүнүн жана анын айрым түрлөрүнүн өзгөчөлүктөрүнө жараша колдонуп, искусствонун идеялык мазмуну, көркөм методу, формалары, сүрөттөө каражаттары, технологиясы сыяктуу маселелерин изилдейт. Көркөм сын – өз заманындагы турмуш көрүнүштөрүн, багыттарын, түрлөрүн, сүрөткердин чыг-лыгын ж-а айрым чыгармаларды талдап баа берет; иск-во көрүнүштөрүн турмуш м-н мезгилдин коомдук идеялары м-н өлчөп, ага ылайыктыгын аныктайт. искусство таанууөз корутундулары м-н жыйынтыктары обьективдүү жана так болушуна умтулуп, коомдук жана бир катар так илимдердин методун пайдаланат; тигил же бул доордун көз карашын жана табитин чагылтат. Искусство таануу XVI–XIX кылымдарда өзүнчө илим болуп бөлүнгөн. Туңгуч теориялык эмгектер Байыркы Грекияда жазылган, аларда искусствонун көптөгөн маанилүү теориялары менен тарыхына аныктама берилген. Искусство таануунун илим катары калыптанышына Кайра жаралуу доору маанилүү роль ойногон. Кыргызстанда улуттук искусствонун гүлдөп-өсүшү менен байыркы эстеликтерди сактоого, музей курулуштарына, көркөм мураска, эл чыгармачылыгын изилдөөгө, элдик өнөрдү өнүктүрүүгө көп көңүл бөлүнүүдө.
Ад.: Базен Ж. История искусства: от Вазари до наших дней. М., 1995. Гращенков В. Н. История и историки искусства. М., 2005.