ИСМАИЛОВ 5

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИСМАИЛОВ Төлөсүн (1926, Ысык-Көл обл., Тоң р-ну, Кара-Талаа айылы – 1984, ошол эле жер) – малчы, Соц. Эмг. Баатыры (1958), Кыр­гыз ССРинин мал чарбасына эмг. сиң. устат (1958).

Эмгек жолун Ысык- Көл обл-нун Тоң р-нунда­гы «Улакол» совхозунда малчы болуп иштөөдөн баш­таган; 1943–62-ж. баш ча­бан, 1962-жылдан ушул эле совхоздо ферма зоотехниги болуп иштеген. 1957-ж. ар койдон 6,8 кгдан жүн кыр­кып, ар 100 тубар койдон 125тен козу алган. 1958– 66-ж. СССР Жогорку Сове­тинин депутаты. Ленин ордени м-н сыйланган.