ИСМАИЛОВ Есен

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИСМАИЛОВ Есен (1949-жылы туулган‚ Кытай‚ Кулжа ш.) – режиссёр, актёр, Кыргыз Республикасынын эл артисти (1995). Токмоктогу маданий-агартуу окуу жайын (1967)‚ Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтун (1984)‚ Кыргыз мамлекеттик университетинин юридика факультетин (1999) бүткөн. 1981–1984-жылдары Кыргызстандын каратэ курама командасынын ма­шыктыруучусу‚ 1990-жылдан чыгыш жеке оюну­нун эл аралык борборунун башкы директору‚ 2002–2005-жылдары А. Малдыбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик опера жана балет театрынын директору. Режиссёр жана актёр катары спек­таклдерди койгон жана тасмаларга тартылган. 50дөн ашуун ырлардын‚ симфониялык чыгармалардын авто­ру‚ «Чунтян»‚ «Есен-Д» эс­традалык топтордун көркөм жетекчиси. 1995–2000-жылдары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты‚ 1994-жылдан Кыргызстандагы дунгандар ассо­циациясынын президенти. «Манас-1000», «Даңк» медалдары менен сыйланган.