ИСМАНБАЕВ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ИСМАНБАЕВ Асанбай (13. 6. 1941-ж. т., Чүй обл., Кемин р-ну, Төрт-Күл айылы) – физик, физика-математика илимд. доктору, (1996), проф. (2000), Россия педагогика ж-а социалдык илимдер академиясынын академиги (2001). КМУну (1965), ММУну (Москва, 1976) ж-а ФПИ- нин аспирантурасын бүтүргөн. ФПИде окутуучу, доцент, кафедра башчысы, декан, проректор. 1999- жылдан КМКТАУда кафедра башчысы. КРдин билим берүүсүнө эмг. сиң. кызматкер (2001). Суюктуктар ж-а газдардын механикасы б-ча адис. 150дөн ашык ил. эмгеги, а. и. 1 монография, 3 окуу китеп ж-а 5 окуу куралы жарык көргөн.
Эмг.: Теория фильтрационных течений под гидросооружениями в пластах с макровключениями. Б., 1995.