ИСТЕМИ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИСТЕМИ (510 – болжол м-н 576-ж.) – Түрк ка­гандыгынын башкаруучусу, каган (552–576), ал кагандыкты негиздеген Бумындын бир тууга­ны. Византия тарыхында Силзибул, Дизабул, Стембис, арабдарда Синжибу, кытай хроника­ларында Шедеми, «он уруунун каганы», Батыш түрк кагандыгынын династиясына тиешелүү эң жогорку титул жабгу (ябгу) каган деп да атал­ган. Анын кол башчылыгы м-н түрк уруулары адегенде Борб. Азиянын Жети-Суу, Сыр-Дарыя, Арал деңизине чейинки аймакты ээлешкен. Бул баскынчылык эле эмес, түрк урууларынын жер которуулары катары да эсептелинет. 6-к-дын орто ченинде түрк тилдүү уруулар м-н жерг. көчмөндөр бир согуштук-адм. системага («он ок будун» – он жебелүү уруу) өтсө, айрымдары авар урууларына кошулуп, Европанын Түш.-Чыгыш бөлүгүнө сүрүлүп кетүүгө мажбур болушкан. Бирок, жаа же жебе деген сөз уруулук уюм эмес, аскердик-адм. түзүлүштүн формасы катары тү­шүндүрүлгөн. И-нин буйругу м-н ар бир жаа, жебе (ок) бир түмөн (он миң) аскерди камтып, аны шады (аскер башы) башкарган ж-а өзү­лөрүнүн аскердик туусу болгон. Жыйналган он жаа, жебе чыгыш ж-а батыш кошуунга бөлүнүп, ар бири беш жаа же жебеден турган. Чыгыш бөлүгү «беш уруу дулу» деп аталып, анын ба­шында чоро турган ж-а алар Суйаб ш-нын чы­гышын жердеген. Батыш бөлүгүн «беш уруу ну­шиби» ээлеп, башында Иркин турган. Суйаб ш. борбор болгон. И. башындагы түрктөр 558-ж. Итиль (Волга) м-н Жайыктын (Урал) айлана­сындагы аймакты, 567–70-ж. Түн. Кавказды өзүнө караткан. 6-к-дын 2-жарымында И. эф­талиттерге каршы күрөшүү үчүн Иран шахы Хосров Ануширван м-н аскердик союз түзүп, бул союзду бекемдөө максатында шахка кызын бер­ген. Алардын жардамы м-н 563-ж. И. эфталит­терге согуш ачып, алардын кыйла жерин басып алган. Мындан кийин Византияга жибекти өт­көрүүнү өз көзөмөлүнө алуу үчүн Хосров м-н ке­лишим түзүүгө согдалык көпөс Маниахты элчи­ликке жиберген. Бирок Хосров келишим түзүү­дөн баш тартып, соодагерлер алып келген жи­бекти өрттөп салууга буйрук кылган. Натыйжа­да, И. Византия м-н сүйлөшүүлөрдү баштап, ал жакка Маниахты аткарса, император Юстин II тарабынан элчиликке Земарх келген. И. анын көзүнчө ирандыктарга каршы жортуулга чык­кан. 570-ж. иран шахынын Йеменди басып алы­шына байланыштуу деңизден Византияга өтүүчү Жибек жолу да жабылып калат. Бирок, бул учурда Византияда жибек иштетүүнүн ыкмасын билип калышкан. Ушул себептен эми түрктөр м-н Византиянын ортосунда карама-каршылык башталган. 575-ж. Картлинин падышасы Г. Баг­радиттин жардамы м-н Босфорду ж-а Крымды басып алгандан кийин түрктөрдүн ээлиги Ви­зантияга чектешип калган. Ошондон кийин түрктөр Кытайдан Жер Ортолук деңиз тарапта­гы мамлекеттерге кетүүчү Жибек жолуна ко­жоюн болуп, а. и. Кытайдан Пайкендге чейинки бөлүгү кыргыздардын көзөмөлүндө калган. Евра­зияда биринчи кеңири империяны түзгөн И. бо­луп эсептелинет.


Ад.: Бичурин Н. Я. Собрание сведений о народах, обитавших в Средней Азии в древние времена. М.; Л., 1950, в 3-х т.; Пигулевская Н. Византия на путях в Индию. М.; Л., 1951; Гумилёв Л. Н. Древние тюрки. М., 1967.

Т. Асанов.