ИТ-АГАР
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ИТ-АГАР – Жалал-Абад обл-нун Аксы р-нундагы кыштак. Авлетим айыл округуна караштуу. Ит-Агар суусунун боюнда, деңиз деңг. 1160 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Кербен ш-нан 22 км түн.-чыгыш тарапта. Шамалды-Сай т. ж. бекетинен 80 км. Калкы 1086 (2007); негизинен мал ж-а дыйкан чарбаларында эмгектенет. Негизги мектеп, ФАП бар.