ИТЕЛЬМЕНДЕР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИТЕЛЬМЕНДЕР , и т е л ь м е н ь, и т э н м ь и («жерг. калк») – РФтин калкы. Камчатка ж. а-нын чыгышында (Коряк автоном округу, Тигиль р-ну; 1179 киши) ж-а Магадан обл-нда (509 киши) жашашат. Жалпы саны 3,2 миң киши (2002). Ительмен (камчадал тили), о. эле орус тилинде сүйлөшөт. Христиан дининин пра­вославие тармагын тутушат. 17-к-дын аягында Камчатка ж. а-на орустар келген мезгилде алар­дын саны 13 миң болгон. И. ал жерге отурукташ­кан эл болуп, алгачкы коомдук түзүлүштө жа­шашкан. Алар аңчылык, балыкчылык ж-а жый­ноочулук м-н кесиптенишип, таш ж-а сөөктөн жасалган эмгек куралдарын колдонгон. И. жер төлө ж-а пирамида сымал чатырларда жашашып, аң терилеринен тигилген тон, шым, аялдары – курткасы м-н шымы бириктирилген кийим-көй­нөк кийишкен. 18-к-дын ортосунда орустар м-н аралаша баштап, натыйжада И.- камчадалдар пайда болгон. 20-к-дын аягында И. этностук өз алдынчалыкка ээ болуп, эне тили, мад-ты, үрп­адат, салттары өнүгүп, калктын саны өскөн. Учурда И-дин көпчүлүгү мал чарбачылык, куру­луш ж-а ө. ж. тармактарында иштейт. Калктын 40%и шаарларда жашайт.

Ш. Керимова.