ИХЭТУАНЬ КӨТӨРҮЛҮШҮ
ИХЭТУА́НЬ КӨТӨРҮЛҮШҮ – Чыгыш, Түн. ж-а Түн.-Чыгыш Кытайдагы дыйкандар м-н шаар кембагалдарынын чет өлкөлүк зомбулукка каршы 1899–1901-жылдардагы көтөрүлүшү. Жашыруун Ихецюань диний коомунун демилгеси м-н
чыгып, кийин анын отряддары ихэтуандар (адилеттик ж-а ынтымак отряддары – көтөрүлүштүн аты ушундан) деп аталган. Көтөрүлүш чет өлкөлүк экспансияга бөтөнчө дуушарланган Шаньдун провинциясында башталып, 1900-ж. борб.
Чжили провинциясына тараган. Цин өкмөтүнүн кээ бир мүчөлөрү ихэтуандардын аркасы м-н Кытайды чет өлкөлүк мамлекеттерден бошотууга аракеттенип, ихэтуандардын лидерлери м-н (Ли Лайчжун, Чжан Дэчэн ж. б.) бириккен. Ихэтуандар чынында кыйла жерде бийликти көзөмөлдөп, Шаньси, Манжурияны алган соң,
өкмөт аскерлеринин колдоосу м-н 13–14-июнда Пекинге кирген да, элчилер кварталын 56 күн камап турган. Ошол кезде Германия элчиси К. фон Кеттелер өлтүрүлгөн. 1900-ж. 17-июнда Улуу Британия, Германия, АКШ, падышалык
Россия ж. б. мамлекеттер Кытайга интервенция жасап, алардын аскерлери Таку (Дагу) портун ээлеген. Ихетуандар м-н бириккен Цин
өкмөтү 21-июнда Япония, падышалык Россия, Улуу Британия, Франция, АКШ, Германия, Италия ж-а Австрия-Венгрия мамлекеттерине согуш жарыялаган. Россия, Улуу Британия, Франция, АКШ ж-а Япония мамлекеттеринин аскери (54 миң адам) 1900-ж. 14-июлда Тяньцзинди алып, андан көп узабай Пекинге аттанган ж-а 14-августта аны алып, баш командачысы немис фельдмаршалы Вальдерзенин келиши м-н кыймылдын очокторуна ж-а тынч жаткан калкка жазалоочу отряддар жиберилген. Цин өкмөтүнүн өкүлдөрү Сианга качкан. Көтөрүлүш негизинен 1901-ж. басылгандан кийин (ал айрым жерлерде 1902-ж. да уланган), чет өлкө мамлекеттери Кытайга басмырлаган «Жыйынтык протоколун» таңуулап, 1939-ж. чейин Кытай аларга 1 млрд лян төлөп бермек болгон. И. к. импералисттердин Кытайга басып киришине каршы кытай дыйкандары м-н шаар кембагалдарынын чаржайыт күрөшүнүн маанилүү этабы болгон.
Ад.: Восстание ихэтуаней. Документы и материалы. М., 1968; Калюжная Н. М. Восстание ихэтуаней (1898–1901). М., 1978; Непомнин О. Е. История Китая: эпоха Цин. XVII – нач. XX в. М., 2005.