ИЧКИ САЯСАТ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИЧКИ САЯСАТ – саясаттын субъектилеринин (таптар, социалдык катмарлар, улуттар, партия­лар, коомдук кыймылдар, саясий лидерлер) ор­тосундагы мамилелердин чөйрөсү. Бийликти жеңип алуу, кармап калуу ж-а пайдалануу – И. с-тын эң башкы маселеси. И. с-та мамлекет­тин экон., саясий кубатына ж-а саясий лидер­дин харизмалык ж-а диний аброюна таянган бийлик структуралары аркылуу ишке ашыры­лат. Батыш өлкөлөрүндө И. с-ты улуттук сая­сат деп аташат. И. с-тын төмөндөгүдөй түрлөрү бар: социалдык, улуттук, маданий. И. с-тын не­гизинде тигил же бул принциптер (социалдык, адилеттүүлүк, этатизм, фундаментализм, этали­таризм) жатат. Ички саясий максаттарды ишке ашыруу тынчтык жолу м-н же зордук-зомбу­лук каражаттарын колдонуу м-н жүргүзүлүшү мүмкүн. Мамлекет бул учурда адатка ылайык, кеңири мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланат: экон. рычагдар ж-а жеңилдиктер; жаңы жумушчу орундарын түзүүгө ж-а адистерди кайра даяр­доого каражаттарды бөлүү жолу м-н калкты иш м-н камсыз кылууну жөнгө салуу; пропаганда­лык ж-а репрессиялык каражаттар; паспорттук, визалык, бажылык режим ж. б. И. с. маселе­лерди чечүү методдору коомдогу саясий бийлик­ке мамлекеттин монополиясы м-н шартталат.