КАБА ТЕМИР КЕНИ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАБА ТЕМИР КЕНИ Жалал-Абад обл-нун Ала- Бука р-нунда, Каба кыш-нан 30 км түн.-чыгыш­та, Чаткал кырка тоосунун түш.-чыгыш тарма­гында, деңиз деңг. 1750–1950 м бийикте. Кен жерг. элге илгертен белгилүү. 1944-ж. геол. издөө иштери жүргүзүлгөн. Кен аймагын таш көмүр мезгилиндеги доломит, акиташ теги, эффузия тектери ж-а каледондогу гранит-диорит интру­зиясы түзөт. Кенташ акиташ теги м-н гранит­диорит интрузиясынын кошулган жеринде дого сымал ичке тилкени пайда кылат. Мында скарн процесси жүрүп, тектон. терең жарака м-н тил­меленген. Жарака аркылуу көтөрүлгөн гидро­терм эриндисинен магнетит, галенит, пирит, сфа­лерит ж. б. минералдар пайда болгон. Негизги кен – магнетит. Жогорку сапаттуу. Тилкенин уз. 0,9 км, туурасы 50–200 м. Темирдин конди­циялык өлчөмү 38,8%ке чейин. Кенташтын за­пасы 2,576 млн т, темир – 1,0 млн т.