КАБОТ
КА́БОТ Жон ж-а Себастьян (Cabot, John and Sebastian) – генуялык деңиз сүзүүчүлөр ж-а изилдөөчүлөр; атасы м-н баласы. Венецияда, Англияда ж-а Испанияда картограф болуп кызмат өтөшкөн. 1495-ж. ченде Жон Кабот (Жовани Кабото) (1450–55, Генуя – 1499) чыгаан соодагер катары Лондонго отурукташкан. 1497-ж. кичинекей «Мэтью» кемеси м-н батышты көздөй сүзүп, Кытайды издөөгө чыккан. Ошол эле жылдын 24-июнунда Түн. Американын түн. жээгине жеткен. Аны Түн.-Чыгыш Азия деп эсептеп, Венеция м-н Англиянын ээлиги деп жарыялаган. 1498-ж. э к и н ч и э к с п е д и ц и я с ын а (кайрадан эле Американын жээгине) чыккан. Себастьян (1475-ж. чен, Венеция – 1557, Лондон) король Генрих VIIIде картограф болгон. 1544-ж. дүйнөнүн картасын (ошол мезгилге ылайыктуу) түзгөн. О. эле испан армиясында ж-а флотунда кызмат өтөгөн. Буйрукка баш ийбегенине байланыштуу Африкага айдалган. Англ. көпөстөрдүн соода компаниясынын жетекчиси катары Европадан Азияга өтүүчү түн.-батыш өткөөлдү издөө үчүн экспедиция уюштурган. Батыш Европа м-н Россиянын ортосундагы соода байланышты түзүүгө түрткү берген.