КАДАСТР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАДА́СТР (фр. сadastre – системалаштыруу) – тийиштүү объектилер ж-а кубулуштар б-ча мез­гил-мезгили м-н же болбосо үзгүлтүксүз байкоо­нун негизинде ырааттуу чогултулган маалымат жыйнагы. Табият-ресурстук блокко тийиштүү К-ларда объектинин орду, физ.-геогр. мүнөздө­мөсү, классификациясы, изилдөө деңгээли, бай­коонун узактыгы, динамикасы ж. б. б-ча маалы­маттар камтылат. Мындай К-дын негизги эле­менти катары карталар пайдаланылат. Бүгүнкү күндө К-лардын көбүнүн маалымат базасы компьютердик каражаттарда түзүлөт. Табият­ресурстук бөлүккө суу, климат, ландшафт, то­кой, геология, мед. география, минералдык ре­сурстар, өзгөчө коргоого алынган аймактар, рек­реация, топурак, зыяндуу таштандыларды бө­лүп чыгарган жерде жайгашкан булактар ж. б. К-лар кирет.