КАДЫРКУЛОВ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАДЫРКУЛОВ Ыдырыс [15. 9. 1917, Жети-Суу обл., Пржевальск уезди, Аскалы (азыркы Жалал-Абад обл., Тогуз-Торо р-ну, Казарман) кыш. – 1984, Казарман кыш.] – Даңк ордени­нин толук ээси.

1941-жыл­дын декабрынан Улуу Ата Мекендик согуш майданын­да болгон. Днепр, Түш. Буг, Тисса, Дунай, Грон, Мора­ва, Дыйе д-нан биринчилер­ден болуп өткөн. Түш. Буг д-нан өтүүдөгү эрдиги үчүн 1944-ж. мартта 3-даражада­гы Даңк орденине, 3000 ми­на коюп, душмандын 2500 минасын зыянсыздандырга­ны үчүн 1944-ж. сентябрда 2-даражадагы Даңк орденине, Ипель д-нан өтүүдөгү эрдиги үчүн 1945-ж. 28-апрелде 1-даражадагы Даңк ордени­не татыктуу болгон. 1946–84-ж. Ленин атн. кол­хоздо колхозчу болуп иштеген. Кызыл Жыл­дыз ордени ж-а медалдар м-н сыйланган. Айке­ли Казарман айылынын «Баатырлар аллеясы­на» коюлуп, бир көчөсүнө ысмы ыйгарылган.