КАЗАКОВ Түгөлбай
КАЗАКОВ Түгөлбай (2. 1. 1951-жылы туулган, Талас району, Көпүрө-Базар айылы) – обончу, аткаруучу, композитор, акын. Кыргызстан Ленин комсомолу сыйлыгынын лауреаты (1981), Кыргыз Республикасынын эл артисти (2005), Кыргызстан жазуучулар союзунун мүчөсү

(2007). Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтун бүткөн (1973). Ысык-Көл райондук маданият үйүнүн директору, Ысык-Көл элдик театрынын режиссёру (1973–1976), Каракол мамлекеттик педагогикалык институтунда кафедра башчы (1976–1979), Кыргыз мамлекеттик телерадиокомитетинин редактору, башкы редактору (1979–1992), 1990-жылы Кыргызстан өнөрпоздор союзунун башкармасынын төрагасы, Кыргыз Республикасынын телерадиокорпорациясынын төрагасы (1992–1993), Кыргыз Республикасынын маданият министринин биринчи орун басары (1993–1996), «Алас» гезитинин башкы редактору (2005–2007), Улуттук телерадио компаниясында «Ибарат» борборунун продюсери (2007–2009), 2009-жылдан ошол эле жерде Атайын долбоорлор башкы редакциясынын башкы редактору. Чыгармачылыгы 1970-жылдары башталган. Чебер аткаруучу катары да таанымал. 70тен ашык обондун автору. «Алтын балалык», «Жамгыр», «Сырдуу көл», «Жолдор», «Элегия», «Коштошуу», «Сүйүү жазы», «Кечки эскерүү», «Күйдүргү», «Шумкар» жана башка ырларга, ошондой эле «Түркүн тагдырлар», «Терек канча жыл жашайт», «Махабат дастаны», «Кайран эл» толук метраждуу көркөм тасмаларга, 30га жакын даректүү тасмаларга, спектаклдерге музыка жазган. К. Орозовдун «Насыйкат», Д. Нурпеисованын «Асем коңыр» аттуу күүлөрүн аткарган. «Биринчи кар» поэтикалык (1989), «Ырлар» (1984) аттуу обондуу жыйнактардын автору. Жаш кинематографисттердин республикалык конкурстарынын эки жолку жеңүүчүсү (1984, 1985). Бүткүл союздук телеконкурстун (1971, Пермь шаары), Эл аралык жаш таланттар фестивалынын (1974, Кишинёв шаары) лауреаты. Сомалиде (1977), Швецияда (1978), Финляндияда (1988) өткөн СССР маданият күндөрүнүн катышуучусу. Казаковдун «Жамгыр» жана башка ырлары Польша, Португалия, Сирия, Кытай, Казакстан ырчыларынын репертуарларынан орун алган.