КАЗАНБАК

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАЗАНБАК – көчкөндө сындырбай, көөсүн жу­гузбай алып жүрүү үчүн чырпыктан же жалпак жука талдан көз-көз кылып, казан баткыдай согулуп жасалган кептеме кап. Казанбак демейде таза­лык үчүн капкактуу казандын үстүнөн басты­рылып коюлат.