КАЗАРМАН ШААР КАЛДЫГЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАЗАРМАН ШААР КАЛДЫГЫ – X–XII кылымдарга таандык археологиялык эстелик. Нарын дарыясынын сол жээ­гиндеги Казарман кыштагынын тушунда жай­гашкан. Сакталып калган дубалынын бийиктиги 3 м, бурчтарында жана борборунда жарым ай түспөлүндө мунаралары болгон. Түндүк, батыш жана чыгыш дубалдарынын узундугу 100 мге чейин жеткен. 1949-жылы А. Н. Бернштам изилдеген. Убагында Тогуз-Торо өрөөнүн душмандан кор­гогон чеп болгон. Эстелик кароосуз калгандык­тан, анын билинер-билинбес гана пайдубалы калган.