КАЗЫНА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАЗЫНА – 1) хан, падыша, эмир, бектердин акча жана башка кымбат баалуу буюмдары сакталуу­чу жай; 2) борборлошкон мамлекеттин финан­сылык байлыгынын жалпы өлчөмү; 3) архео­логияда көмүлгөн кенч же кандайдыр бир жа­шыруун жерге катылган алтын, акча жана башка кым­бат баалуу буюмдар. Эң байыркы казыналарга соң­ку таш доору жана жез доорунан калган эмгек куралдары жана согуш курал-жарактары, коло доорундагы казынага согушка колдонгон жана башка сал­танат, шаан-шөкөт үчүн жасалган кооз буюм­дар, эмгек куралдары кирген.