КАИПОВ Балташ
КАИПОВ Балташ (10. 3. 1936, Жалал-Абад облусу, Базар-Коргон району, Көк-Тоңду айылы – 23. 1. 1996, Бишкек) – режиссёр, актёр. Кыргыз Республикасынын эл артисти (1999), Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер (1974). СССР кинематографиясынын (1982), кыргыз телекөрсөтүү жана радио уктуруусунун (1988) отличниги. 1957-жылы Москвадагы А. В. Луначарский атындагы Мамлекеттик театр искусствосу институтун (ГИТИС) бүтүрүп, ошол эле жылы Кыргыз драма театрына кирген.

1958-жылы жаңыдан уюшулган Кыргыз телекөрсөтүүсүндө режиссёр, кийин башкы режиссёр (1961–1967), кинотоптун режиссёру (1967–1972), 1972-жылдан студиянын көркөм жетекчиси, башкы режиссёру, режиссёр-коюучу болуп эмгектенген. «Сайра комуз», «Тогуз кайрык» аттуу телефестивалдарды тарткан. «Алымкан» көркөм тасмасынын (1965-жылы тартылган, 1966-жылы Киевде өткөн телетасмалардын Бүткүл союздук фестивалынын сыйлыгын жеңип алган), «Талаа – кубанычым менин» (1965), «Комуз» (1968) жана башка даректүү телетасмалардын, «Манас», «Токтогул» (1968) музыкалык спектакль-тасмалардын, ошондой эле 60тан ашык адабий-телекөрсөтүүлөрдүн режиссёру. Каипов актёр катары Ү. Ибраимовдун «Декан» көркөм тасмасында декандын, Ж. Сооданбектин «Процесс» тасмасында соттун, М. Убукеевдин «Элет романы» тасмасында генералдык прокурордун, З. Эралиевдин «Шайтандын мөөрү» тасмасында райком секретарынын, өзү тарткан «Алымкан» тасмасында манаптын ролун аткарган.