КАИР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАИ́Р (ар. Аль-Кахира) – Египет Араб Респ-нын борбору, шаар. Өз алдынча адм. бирдикти түзөт (мухафаза статусуна ээ). Өлкөнүн түн.-чыгы­шында, Нил д-нын оң жээгинде жайгашып, Гезира ж-а Рода а-н ээлейт. Калкы 7,9 млн (2008; агломерациясында 16 млн; өлкөнүн калкынын 1/ и). Африкадагы эң ири шаар. Тогуз жолдун тоому. Эл аралык аэропорту бар. Метрополи­тен. К-ди 969-ж. Фатимиддердин кол башчысы Жаухар ас-Сакали негиздеп, 973-ж. «Миср аль- Кахира» («Жеңиштүү Мысыр», ар. Кахира) деп аталган. 973–1171-ж. Фатимид халифатынын,


Шаардын жалпы көрүнүшү.

Айюбилердин (1171–1250), мамлюктардын (1250–1517) мезгилинде К. – ири соода кол өнөр­чүлүктүн очогу. 1517-ж. шаарды осмон түрктөрү басып алып, бүлдүргөн. 1795-, 1804–05-ж. мам­люктар м-н түрктөргө каршы көтөрүлүштөр чык­кан. 1882-ж. англ. аскерлер Египетти басып алганда К-дин жаңы бөлүгү колониялык анк­лавга айланган. 1914–22-ж. Британия протек­таратынын адм., 1922-жылдан Египет Королду­гунун, 1953–58-ж. Египет Респ-нын, 1958–71-ж. Бириккен Араб Респ-нын, 1971-жылдан Египет Араб Респ-нын борбору. К-де Араб мамлекеттер лигасынын штаб-квартирасы (1945-жылдан), Азия ж-а Африка өлкөлөрүнүн тилектештик к-тинин туруктуу секретариатынын резиден­циясы (1957-жылдан) жайгашкан. Шаардын эко­номикасынын негизин жеңил ө. ж. м-н туризм түзөт. Металл иштетүү, машина куруу, хим., тек­стиль ө. ж. ишканалары иштейт. Кол өнөрчүлүк (металл, тери ж. б. материалдардан буюм жа­соо) өнүккөн. Ун-ттер, Египет иск-во академия­сы, музейлер (а. и. Египет, Копт, ислам иск­восу), консерватория (1959-ж. негизделген), театрлар (а. и. опера, улуттук, эркин, куурчак ж. б.) бар. Ар кыл тарыхый доорлордогу 400дөн ашык арх-ра эстеликтери, а. и. Рим (Вави­лон чебинин Траян мунарасы, б. з. 100-ж. чен), Византия (копттордун чиркөөлөрү) мезгили­нин эстеликтери, Ибн-Тулун (9-к.), аль-Азхар (10-к.; анын астында дүйнөдөгү эң мурдагы ун-т иштейт, ал куранды үйрөтүүнүн башкы борбору) мечиттери, дарбаза (11-к.), цитадель (12-к.), көптөгөн медреселер, мамлюктардын мавзолейлери (15-, 16-к-дын башы) сакталган. Шаардын эски бөлүгү Бүткүл дүйнөлүк мурас­тын тизмесине киргизилген.

Т. Чодураев.