КАЙРАГАЧ КӨРҮСТӨНҮ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАЙРАГАЧ КӨРҮСТӨНҮ – I–V кылымдарга таандык археологиялык эстелик. Лейлек аймагындагы Кожо-Ба­кырган-Сай өрөөнүнө жакын жерде жайгашып, 100дөй дөбө-мүрзөдөн турат. Көпчүлүгүнүн диа­метри 5–12 м. бийиктиги 0,8–1,8 м. Маркумдардын сөөктөрү казанактуу жайларга (катакомбаларга) коюлган. Карапа идиштер, темир бычак, азем бу­юмдар табылган. 1958-жылы археолог Ю. А. Зад­непровский 10 дөбө-мүрзөнү казып изилдеген.