КАЙЫН ЖУРТ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАЙЫН ЖУРТ – жубайлардын төркүндөрү, эл­ журту бириники экинчисине кайын журт болот. Экөө тең бири-биринин ата-энесин, жакын тууганда­рын атаганда кайната, кайнене, кайнага, кай­неже, кайын жезде, кайын сиңди (аялына ка­рата), кайни жана башкалар деп «кайын» деген сөздү ко­шот. Ал эми аялынын сиңдиси (күйөөсүнө ка­рата) балдыз, анын жана кайнежесинин күйөө­сү бажа деп аталат. Очор-бачар болгондон ки­йин аял барган жерин кайындарым дебей өз элим деп калат. Ошондон улам, эл ичинде «чыккан кыз чийден тышкары» деген сөз калса керек. Ал кайын журт., төркүн-төс, жек-жаат деп да аталат.