КАЙЫШ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КАЙЫШ – жүнү жыдытылып, ашатылып ийленген тери. Бодонун, кайберендин терисин челдеп, жүнүн алып, малмага салып, тез-тез которуштурат. Ашаткыга кирген соң (5–7 күндөн кийин), терини таза жууп, тоборсутуп, аз нымы менен талкууга салып, ийи жеткенче ийлейт. Жашоо-тиричиликке байланыштуу көчмөнчүлүк турмушта ат жабдыктарын жасоо үчүн кайыш көп колдонулган. Кайыштан жүгөн, куюшкан, басмайыл, нокто, көмөлдүрүк, үзөңгү боо, чылбыр, тизгин, канжыга, куткун, чаполоң, бүлдүргө, ошондой эле кур, кын жана башка буюмдар жасалган. Учурда кайыш жана андан жасалган буюмдар атайын ишканаларда даярдалат.