КАКМАЧЫ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КАКМАЧЫ – мергенчиликте, аңчылыкта жапайы жандыктарды үркүтүп айдоочу киши. Ал корунуп жатып алган кайберенди же илбээсинди кыйкырык, ызы-чуу, кээде итти (тайганды) айдактоо менен тосотто акмалап жаткан мергенчилерге карай сүрүп берет. Шарт боюнча какмачы мергенчиликтин олжосунан өз үлүшүн алган. Аны жандооч, айдооч (айдакчы) деп дагы аташат.