КАЛАМИН

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАЛАМИ́Н (лат. calamine – сары кен), г а л м е й, г е м и м о р ф и т – цинктин суулуу силикаттар тобуна кирүүчү минералы. Хим. формуласы Zn4 [Si2O7][OH]2·H2O. Ромб системасында крис­таллданат. Өңү-түсү ак, сары, саргыч, жашыл сымал көк, кээде түссүз. Айнектей, кээде алмаз­дай жалтырайт. Катуулугу Моостун шкаласы б-ча 4,5–5. С. салм. 3,5. К. коргошун-цинк кен­деринин кычкылдануу аймагында смитсонит, лимонит ж. б. м-н бирге пайда болот. Цинк­тин кени болуп саналат.