КАЛБЫР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАЛБЫР – дан, талкаланган кен, катуу отун, ири кум, шагыл жана башка чубурма заттарды ар кан­дай өлчөмдөгү торчодон өткөрүп сорттоочу жаб­дуу. Күндөлүк турмушта эгин тазалоо, кум жана башкаларды элөө үчүн пайдаланылат. Ал болот зымдан тор­долуп же калың тунукеден көзөлүп жасалат. Диаметри 50–60 см, бийиктиги 10–15 см алкакка бекитилет.

Сапы­рылган эгин кал­бырланганда чир­че, кычы, алабата, меңдубана сыяктуу отоо чөптүн данынан, чар, таш-кумдан, кум элеген­де таш жана башкалардан арылат. Азыр калбыр. комбайнда орнотулган. Өнөр жайда кыймылсыз түзүлүштөн жана кыймылдуу машинадан турган калбыр колдону­лат. Кыймылсыз калбыр [колосниктүү, догоолуу (жаа), конустуу] калбырлоочу беттен, аны ор­нотуп бекитүүчү жумушчу органдан жана кый­мылга келтирүүчү механизмден турат. Колосник­тик калбыр. көзөнөкчөлөрү 50 мм болуп, кесек мате­риалдарды; доголук калбыр болсо майда дандуу ма­териалдарды (көмүр, кум жана башкалар); ал эми конус­туу калбыр кесек материалдарды сорттоодо, суусун сарыктырууда колдонулат. Калбыр айланып (бара­бандуу), термелип, дирилдеп жана жарым жар­тылай дирилдеп кыймылдайт. Барабандуу бир октун айланасында айланып калбырлайт. Тер­мелүүчү калбыр атайын себетке бекитилген жана кыймылдоочу механизмге кошулган. Дирилдек калбырдын себети атайын дирилдегичтин жардамы менен кыймылга келет.