КАЛДЫКСЫЗ ТЕХНОЛОГИЯ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАЛДЫКСЫЗ ТЕХНОЛО́ГИЯ – өндүрүш таш­тандыларын иштетип, керектүү затты же анын бөлүктөрүн өндүрүүнү камсыз кылган технол. процесс. Ал элдин керектөөсүн канааттандыруу үчүн табият ресурстары м-н энергияны өтө үнөмдүү, сарамжалдуу пайдаланууну, о. эле ай­лана-чөйрөнү коргоону камсыз кылуучу билим­ди, ыкмаларды ж-а каражаттарды талап кы­лат. Бул болсо таштандыны аз өлчөмдө же та­кыр чыгарбаган зат м-н камсыз кылуучу жал­пы эле ө. ж. ж-а а. ч. өндүрүшүнүн экол. страте­гиясы болуп саналат. Ө. ж. экологиясына су­нуш кылынган бул үлгү табият экосистемасын элестетиши керек. Бул идея япон экологдору тарабынан экосистемалардын туюк циклдүү өнүгүү этаптарын чагылдырган оригиналдуу схе­ма түрүндө көрсөтүлгөн. К. т. төмөнкүлөрдү кам­сыз кылуусу зарыл: сырьёну, энергияны үнөмдөө ж-а айлана-чөйрөнү булгоо деңгээлин төмөндөтүү үчүн пайдаланылган материалдык ресурстарды кайра иштетүү ж. б.