КӨГАРТ АШУУСУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КӨГАРТ АШУУСУ Фергана тоо тизмегинде. Көгарт суусунун башынан орун алган. Бийиктиги 3319 м. Ашуунун бели түзөң, түндүк-чыгыш кап­талы тигирээк, түштүк-батышы бир аз жанта­йыңкы. Негизинен силур м-н девондун мрамор, сланец, акиташ тектеринен турат. Кышында калың кар жатат. Июнь–сентябрь айларында ачык. Сузак ж-а Тогуз-Торо райондорун байланыш­тырган автомобиль жолу өтөт.