КОСОВО
КО́СОВО – Балкан жарым аралындагы мамлекет. Түндүгүнөн ж-а чыгышынан Сербия, батышынан Черногория, түштүк-батышынан Албания, түштүгүнөн Македония м-н чектешет. Аянты 11 миң км2. Калкы 1 667 554 (2026); негизинен албандар, ошондой эле серб, черногориялыктар жашайт.
Борбору – Приштина шаары. Өлкөнүн аймагынын басымдуу бөлүгүн Косово талаасы ж-а Метохия ойдуңдары ээлейт. Ойдуңдар аркылуу Ак Дрин, Ибар дарыялары агып өтөт. Климаты мелүүн, континенттик (январдын орточо температурасы 0°Сдей, июлдуку 20°С; жылдык орточо жаан-чачыны 700 мм). Тоо капталдарын жазы жалбырактуу токой, шалбаа ээлейт; жайыты арбын. 8–12-кылымдарда Косово аймагы Рашка мамлекетине, Биринчи Болгар падышалыгына ж-а Византияга, 12-кылымдын аягында сербдердин бирдиктүү мамлекетине кирген. 1346-жылдан Серб патриархатынын (резиденциясы – Печ шаары) борбору болгон. Косово талаасындагы салгылашуудан (1389) кийин Косово Сербия м-н бирге түрк султандыгынын (1459-жылдан Осмон империясынын курамында) вассалына айланган. 17-кылымга чейин аймактагы калктын көп бөлүгүн сербдер түзгөн. 1683–99-жылдарда Австрия-Түркия согушунун жүрүшүндө Косово аймагын австриялык аскерлер ээлеп, сербдер массалык түрдө Косоводон чыгып кетишкен. 19-кылымдын аягында Косово албандардын улуттук кыймылынын борборуна айланган. 1878-жылы Призрен шаарында аскердик-саясий уюм – Призрен лигасы (Албан лигасы) уюшулуп, Осмон империясынын курамындагы бардык албандарды автономиялык административдик бирдик түзүүгө чакырган. Түрк бийлиги автономия жөнүндө маселени кароодон баш тарткандыктан, албан улуттук кыймылынын лидерлери алар м-н болгон байланыштарын үзгөн. Призрен лигасынын куралдуу отряддары Косово аймагынын бир бөлүгүн басып алып, жергиликтүү албан администрациясынын органдарын түзгөн. 1881-жылы Косово аймагына түрк аскерлеринин кириши м-н кыймыл токтотулган. 1897–1900-жылдарда Косоводо албандардын кыймылы кайрадан күч алган. Балкан согуштарынын (1912–13) натыйжасында Косово Сербия м-н Черногориянын, 1918-жылы Серб, хорват ж-а словендер (1929-жылдан Югославия) королдугунун курамына кирип, 3 административдик-аймактык бирдиктердин (Вардар, Зет ж-а Моравия бановиндери) ортосунда бөлүштүрүлгөн. 1941-жылы Улуу Албаниянын курамына Косовонун борбордук бөлүгү, 2-дүйнөлүк согуш убагында Косовонун көп бөлүгү Албания италиялык протекторатынын курамына бириккен. Италиялык аскерлердин оккупациясы мезгилинде 40 миңдей серб өлтүрүлүп, 100 миңдей серб Косовону таштап кетүүгө аргасыз болгон. 1944-жылдын аягында Косово аймагы италиялык аскерлерден бошотулуп, 1945-жылы кайрадан Югославия Федеративдик Эл Республикасынын (1963-жылдан Социалисттик Федерациялык Югославия Республикасы, СФЮР) курамына кошулган. 1945–63-жылдарда АО, 1963–69-жылдарда Сербия Республикасынын курамындагы Косово ж-а Метохия автономиялык крайы (1969- жылдан Косово). 1974-жылы СФЮРдун Конституциясы боюнча крайдын автономиялык статусу кеңейип, Косово СФЮРдун өзүнчө субъектисине айланып, Сербия м-н бирдей укуктарга ээ болгон. 1981-жылы крайда студенттик массалык толкундоолор өтүп, Югославиянын чегинде толук укуктуу республика статусун талап кылышкан. 1989-жылы сербиялык Скупщина Сербия Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизип, автономиялык крайдын укуктарын чектеген. Бул чечим албандык сепаратизмдин күчөшүнө алып келип, кан төгүүлөрдөн кийин Косоводо аскердик кырдаал киргизилген. Ошол эле жылы Косоводо И. Ругова жетектеген Косово Демократиялык лигасы түзүлгөн. 1991-жылы сентябрда көз карандысыз Косово Республикасынын түзүлгөндүгү жарыяланган. 1992-жылы майда президенттик ж-а парламенттик шайлоолор өткөрүлүп, И. Ругова Косово президенти болуп шайланган. 1996-жылы Косоводо «Косово боштондук армиясы» (КБА) түзүлүп, ал Сербия мамлекеттик бийлигинин өкүлдөрүнө ж-а жергиликтүү сербиялык калкка каршы террор баштаган. 1998-жылы кырдаал курчуп, кагылышуулар куралдуу түргө өткөн. Сербиялык коопсуздук күчтөр КБАнын базаларына каршы чабуул жасап, аны Албанияны көздөй сүргөн. Югославия Союздук Республикасынын (ЮСР) жетекчилиги аймактагы тынчтык абалды калыбына келтирүү жөнүндө Ругова м-н сүйлөшүүлөрдү баштаган. Бул боюнча ЮСР президенти С. Милошевич Косового Сербия курамында улуттук автономия укуктарын кеңейтүүгө даяр экендигин билдирген. 1999-жылы 24-мартта НАТО ЮСРге каршы агрессиясын баштап, Сербия аймагын бомбалаган. 1999-жылы БУУнун Коопсуздук кеңешинин резолюциясы боюнча Косово аймагында туруктуулук м-н тартиптүүлүктү сакташ үчүн НАТО жетектеген эл аралык күчтөр киргизилген. Косовону убактылуу БУУнун Генералдык секретарынын атайын өкүлү башкарып, ал БУУнун Косоводогу Миссиясын жетектеген. 2004-жылы октябрда Косоводо парламенттик шайлоо өткөрүлүп, Косово Демократиялык лигасы жеңишке жеткен. 2008-жылы 17-февралда Косово парламенти Косовонун көз карандысыздыгын жарыялаган. 2011-жылдын февралына БУУга мүчө болгон 192 мамлекеттин 75и Косовонун эгемендүүлүгүн тааныган. 2010-жылы 22-июлда БУУнун эл аралык соту Косовонун эгемендүүлүгүнүн жарыяланышын эл аралык укукка каршы келбейт деп тааныган.
Косово – негизинен агрардык өлкө, экономикалык активдүү калктын 1/2 не жакыны айыл чарбасында эмгектенет. Дан эгиндери (жүгөрү, буудай, арпа), тамеки, жашылча-жемиш, бак-дарак өстүрүлөт; жүзүмчүлүк кеңири таралган. Кол өнөрчүлүк өнүккөн.
Өнөр жайында коргошун-цинк кенташтарын казып алуунун ж-а эритүүнүн мааниси зор. Ошондой эле лигнит, хромит, магнезит казылып алынат. Химия, цемент, жыгач иштетүү, кагаз, текстиль, булгаары, тамак-аш өнөр жай ишканалары иштейт.
Ад. Овчинский В. С. «Независимость» Косово в зеркале теневой политики. М., 2008.
Ө. Бараталиев, Ш. Керимова.