АСАНОВА Үмүт

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АСАНОВА Үмүт (02. 01. 1949, СССР, Кыргыз ССРи, Ысык-Көл облусу, Тоң району, Бар-Булак айылы) – философ, философия илимдеринин доктору (2002). Кыргыз Мамлекеттик университетин (КМУ) 1971-жылы бүтүргөн. КМУнун философия кафедрасынын окутуучусу, Кыргыз Мамлекеттик Медицина институтунун доценти, В. В. Маяковский атындагы Кыргыз кыз-келиндер педагогикалык институтунда кафедра башчысы, окумуштуу катчысы, профессору. 1997-жылдан Kыргыз Pеспубликасынын Улуттук Илимдер академиясынын (KP УИА) Президиумунун эл аралык бөлүмүнүн башчысы, Кыргыз Мамлекеттик Медицина академиясында кафедра башчысы, 2001-жылдан KP УИАнын Президиумуна караштуу Эл аралык илимий программа жана стандарт борборунун директору. Кыргызстандын Фулбрайтовчулар Ассоциациясынын президенти болуп шайланган (2001-ж.). Бишкек Гуманитардык университетинин ардактуу профессору (1996). 70тен ашуун илимий эмгектин, анын ичинде I монографиянын автору.
Эмг.: Расизм и семья в мире капитала. Ф., «Кыргызстан» 1987; Исламская философия образования. Б., 2000. Философия образования. Б., 2001.