АЛИМБАЕВ Абдикарим Карбекович

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:02, 21 Апрель (Чын куран) 2026 карата Турганбаев Элебай (талкуу | салымы) (Created page with "'''АЛИМБАЕВ''' Абдикарим Карбекович (19. 04. 1973, СССР, Кыргыз ССРи, Ош облусу, Ноокат району, Кыргыз-Ата кыштагы) – армиянын генерал-майору (2022). 1995-жылы Казак Республикасынын Улуттук Коопсуздук комитетинин Аскер институнун, 2006-жылы Россия Федерациясы...") тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЛИМБАЕВ Абдикарим Карбекович (19. 04. 1973, СССР, Кыргыз ССРи, Ош облусу, Ноокат району, Кыргыз-Ата кыштагы) – армиянын генерал-майору (2022). 1995-жылы Казак Республикасынын Улуттук Коопсуздук комитетинин Аскер институнун, 2006-жылы Россия Федерациясынын Федералдык Коопсуздук комитетинин Аскер академиясын бүтүргөн. 1995-жылдан чек ара заставасында тарбия иштери боюнча жетекчинин орун басары, 1999–2013-жылдары чек ара бөлүктөрү, бирикмелер жана чек ара агенттигинин структуралык башкармалыгында командир, 2013-жылдан Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын Ош жана Жалал-Абад облустары боюнча аймактык чек ара башкармалыгынын башчысы болуп кызмат кылган. 2014–2016-жылдары Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматынын төрагасынын орун басары, 2016-жылы Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы. 2018–2021-жылдары Мамлекеттик чек ара кызматынын Башкы штабдын башчысы, төраганын биринчи орун басары. 2021–2024-жылдары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү. 2024–2026-жылдары Кыргыз Республикасынын Улуттук Коопсуздук Мамлекеттик комитетинин төрагасынын 1-орун басары,  ошол комитеттин алдындагы Чек ара кызматынын директору, 2026-жылдан Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Чегара Кызматынын төрагасы. Мамлекеттик бир нече сыйлыктар менен сыйланган.