БЛАГОВЕЩЕНКА
БЛАГОВЕ́ЩЕНКА – Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы кыштак. Сузак айыл өкмөтүнө караштуу. Көгарт суусунун оӊ жээгинде, деӊиз деӊгээлинен 800 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Сузак кыштагынан 10 км түндүк-чыгыш тарапта. Жалал-Абад темир жол бекетинен 7 км. Кыштак 1897-жылы негизделген. Алгач Украинанын Киев облусунан көчүрүлүп келген 300 үй-бүлө (украин, орус, балкар, чечен ж. б.) отурукташкан. Калкы 3086 (2002); негизинен дыйканчылыкта эмгектенет. Орто мектеп, клуб, ФАП, мончо ж. б. бар.