ДИНАСТИЯЛАР ТАРЫХЫ
ДИНАСТИЯЛАР ТАРЫХЫ (чжэнши) – монархиялык Кытайда бийлик жүргүзгөн династиялардын расмий хроникасы; аларга тиешелүү тарыхый чыгармалардын бир түрү. Бийликтеги бир династия кулагандан кийин анын ордуна келген жаңы династиянын императорунун буйругу боюнча жазылган. Алардын жазылышына б. з. ч. 2-кылымдан 20-кылымдын 20-жылдарына чейин түзүлгөн Сыма Цяндын «Ши цзиси» («Тарыхый жазмалары») үлгү болгон. Династиялар тарыхы 4 бөлүмдөн туруп, биринчиси (бэньцзи же дицзи) – императорлордун укум-тукумуна жана саясий иштерине арналган; экинчиси (наньбяо) хронологиялык таблицалар; үчүнчүсү – экономика, география, административдик түзүлүш, адабият, искусство ж. б. ар кандай маселелерге арналган өзүнчө трактаттар; төртүнчүсү – (лечжуань) таржымалдар. Б. з. ч. 3000-жылдан б. з. XVII кылымындагы Мин династиясына чейинки окуяларды камтыган 26 династиялык тарыхтын жыйырма төртү анык (канондук) деп эсептелип, алар «Эршиси ши» деп аталат. Тан династиясынын (618–907) тушунда 3, Сун династиясында (960–1279) 17, Мин династиясында (1368–1644) 21, Цин династиясынын (1644–1912) императору Цянлундун (1735–1796) тушунда (1739), Мин тарыхынын акыркы версиясы түзүлүп, 22 династиялык тарыхты басып чыгууга буйрук берилген. Кийинчерээк аларга байыркы Тан жана Сюэ Жужэн тарабынан топтолгон беш династиянын байыркы тарыхы кошулган. Алар 3213 бөлүмдөн жана 40 млнго жакын иероглифтен турат жана Кытай тарыхынан тышкары коомдук илимде чыгыш таануу, география, адабият, искусство, музыка, согуш өнөрүн ж. б. изилдөөдө кеңири пайдаланылат. Булардан тышкары династиялар тарыхында (мис., Сыма Цяндын «Тарыхый жазмалары», Бан Гунун «Байыркы Хань династиясынын тарыхы» Үч Падыша доорундагы «Сань го чжи», Тан династиясына таандык «Байыркы Тан тарыхы» жана «Тан династиясынын жаңы тарыхы», ошондой эле Юань династиясынын тарыхы «Юан ши» ж.б.) байыркы кыргыздарга тиешелүү баалуу маалыматтар камтылган (кара: Байыркы кыргыздар).