ЕВРОПА СОЮЗУ (ЕВРОСОЮЗ, ЕС)

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:21, 23 Апрель (Чын куран) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЕВРО́ПА СОЮЗУ (ЕВРОСОЮЗ, ЕС) (European Union) – Европа өлкөлөрүнүн аймактык саясий ж-а экономикалык бирикмеси (1993-жылга чейин Европа Биримдиги). Европанын 27 өлкөсү кирет (2007). Австрия, Бельгия, Болгария, Венгрия, Герма­ния, Грекия, Дания, Ирландия, Испания, Ита­лия, Кипр, Латвия, Литва, Люксембург, Маль­та, Нидерланд, Польша, Португалия, Румыния, Словакия, Словения, Улуу Британия, Финлян­дия, Франция, Чехия, Швеция, Эстония. ЕС Европа Экономика Биримдигинин (1957-жылы Рим ке­лишимдеринин негизинде түзүлгөн, ЕЭБ же «Жалпы рынок») ж-а Атом энергиясы боюнча Ев­ропа биримдигинин (1957-жылы негизделген) неги­зинде түзүлгөн. ЕСтин негизги максаттары Ев­ропалык бирдиктүү актынын (1987), Маастрихт (1992), Амстердам (1997) ж-а Ницца (2003) ке­лишимдеринде (2007-жылы ЕСтин бул келишимдер­ди алмаштырууга багытталган ЕСтин Консти-


Европа союзуна мүчө мамлекеттердин башчылары Лиссабон келишимине (13.12. 2007) кол коюу салтанатында.

туциясы иштелип чыккан, бирок ал союзга мүчө бардык өлкөлөр тарабынан ратификациялан­гандан кийин гана күчүнө кирет) аныкталган: бирдиктүү европалык жарандыкты киргизүү; эркин