ЕГИПЕТТИКТЕР
ЕГИПЕТТИКТЕР – 1) Египет калкы; 2) улут, Египеттин негизги калкы (египеттик арабдар). Араб өлкөлөрүндө, Ирак, Судан, Ливия, Сауд Арабиясы, Бириккен Араб Эмирликтери, Германия, Австралия, АКШда да жашашат. Саны 62 млн киши, анын ичинде Египетте 58,5 млндой (2007). Араб тилинде сүйлөшөт. Негизинен мусулман-сунниттер. Этностук өзөгүн копттор түзгөн. 7- кылымда Египетти арабдар басып

алып, жергиликтүү копт, берберлер м-н аралашкан. Негизги кесиби – дыйканчылык, мал чарбачылык. Карапа, темир, жыгач, тери (крокодил териси) иштетүү, зергерчилик өнүккөн. Египеттиктер маданияты боюнча арабдарга жакын. Шаардыктар кыштан ж-а таштан салынган жер ортолук деӊиз тибиндеги эки кабат, кедейлери дубалы топурактан согулган үйлөрдө жашашкан. Эркектер кенен ыштан, жеӊдүү ак көйнөк, кышкысын судейри (жамынуучу жеӊсиз сырт кийим), куфтан (жеӊдүү узун чапан), башына топу кийип же селде оронушат. Аялдар кенен ыштан, кофта же жеӊдүү кенен кара көйнөк кийип, белине кездеме белбоо курчанып, шалы жоолук жамынышат.
Ад.: Васильев А. М. Египет и египтяне. 2-е изд. М., 2000.