ЕНИСЕЙ ЖАЗУУЛАРЫ
ЕНИСЕЙ́Й ЖАЗУУЛАРЫ – Енисей дарыясынын жогорку өрөөндөрүнөн табылган жана байыркы түрк элдеринин, анын ичинде байыркы кыргыздар 6–10-кылымдарда колдонгон рун жазуусунун эстеликтери. Жазуу эстеликтери Азиянын борбордук бөлүгү деп таанылган Тува автономиялуу республикасынын жана Хакас автономиялуу облусунун аймактарынан табылган. Рун жазуу эстеликтеринин көбү негизинен Енисей дарыясынын өрөөнүнөн катталгандыктан, ал шарттуу түрдө Енисей жазуулары же Енисей эстеликтери деп аталган. Енисей жазууларынын мазмунун дээрлик эпитафиялык эстеликтер түзөт. Енисей жазуулары илимде 18-кылымдын 2- жарымынан тартып белгилүү болгон. Жогоруда аталган аймактан табылган эстеликтердин саны 200гө жакын. Е. ж-нда 4 үндүү тамга болуп, үнсүз тыбыштар каткалаӊ ж-а жумшак түгөйлөрү аркылуу белгиленгендиктен, үндөштүк жоон ж-а ичке 8 үндүү тыбышты билдирген. Сөздөрдө айрым учурда «э» тыбышын белгилөө үчүн өзүнчө тамга да колдонулган. Енисей жазууларында 16 үнсүз тыбыш белгиленген, а. и. б, г, д, й, к, л, н, р, с, т (он тыбыштын) жумшак түгөйлөрү атайын тамгалар м-н жазылган. Мындай комбинациялык варианттардын белгилениши сөздөрдүн үндөшүүсүн туура баамдоого негиз болгон. Эстеликтерде г, д, ж, л, р, п тыбыштары м-н башталган сөздөр жолукпайт. Сөздөрдүн ичинде же аягында бардык үнсүз тыбыштар колдонулган. Азыркы кыргыз тилинде өздөштүрүлгөн в, х, ф, ж, ц сыяктуу тыбыштар Енисей жазууларында болгон эмес.
