ЕНИСЕЙ ЖАЗУУЛАРЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:43, 22 Апрель (Чын куран) 2025 карата Батма (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЕНИСЕЙ ЖАЗУУЛАРЫ – Енисей дарыясынын жогор­ку өрөөндөрүнөн табылган жана байыркы түрк элдеринин, анын ичинде байыркы кыргыздар 6–10-кылымдарда колдонгон рун жазуусунун эстеликтери. Жазуу эстеликтери Азиянын борбордук бөлүгү деп тааныл­ган Тува автономиялуу республикасынын жана Хакас автономиялуу облусунун аймактарынан табылган. Рун жазуу эс­теликтеринин көбү негизинен Енисей дарыясынын өрөөнүнөн катталгандыктан, ал шарт­туу түрдө Енисей жазуулары же Енисей эстеликтери деп аталган. Енисей жазууларынын мазмунун дээрлик эпитафиялык эсте­ликтер түзөт. Енисей жазуулары илимде 18-кылымдын 2- жарымынан тар­тып белгилүү бол­гон. Жогоруда аталган аймактан табылган эстеликтердин саны 200гө жакын. Енисей жазууларында 4 үндүү тамга болуп, үнсүз тыбыштар каткалаӊ жана жумшак түгөйлөрү ар­кылуу белгиленгендиктен, үндөштүк жоон жана ичке 8 үндүү тыбышты билдирген. Сөздөрдө ай­рым учурда «э» тыбышын белгилөө үчүн өзүнчө тамга да колдонулган. Енисей жазууларында 16 үнсүз ты­быш белгиленген, а. и. б, г, д, й, к, л, н, р, с, т (он тыбыштын) жумшак түгөйлөрү атайын там­галар менен жазылган. Мындай комбинациялык варианттардын белгилениши сөздөрдүн үндөшүү­сүн туура баамдоого негиз болгон. Эстеликтерде г, д, ж, л, р, п тыбыштары менен башталган сөздөр жолукпайт. Сөздөрдүн ичинде же аягында бар­дык үнсүз тыбыштар колдонулган. Азыркы кыргыз тилинде өздөштүрүлгөн в, х, ф, ж, ц сыяктуу тыбыштар Енисей жазууларында болгон эмес.

Мойгын өрөөнүнөн т а бы лг ан ж аз уу эстеликтин эстамп – көчүрмөсү. Д. Д. Ва­сильевдики боюнча берилди.