ЖАБГУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАБГУ, йавгу – 1) байыркы Түрк каган­дыгында колдонулган жогорку наамдардын бири. Махмуд Кашгари боюнча хандан (кара: Каган) эки баскыч төмөн турган кызматтык даража. Байыркы Кытай тарыхый даректеринде «шеху» түрүндө кезигет. Айрым окумуштуулардын пикиринде алгач бул термин юэчжи-эфталиттердин (кара: Кушан падышалыгы) мезгилинде колдонулган. Баштап­кы маанисинде yavuga (yam – жетектөө, баш­каруу), ошондуктан Жабгу деген сөз адегенде сак­кушандарда ат атооч катары колдонулуп, ки­йин наамды билдирип калган. Жабгу наамын Бу­мын кагандын мезгилинде Батыш Түрк каган­дыгынын башчысы Истеми алып жүргөн. Бийликтин жогорку бас­кычында кагандын эң жакын жардамчылары катары кагандын балдарынан же туугандары­нан жабгу жана шадылар дайындалып, эреже боюнча алар аскердин сол же оң канатына башчылык кылышкан. 2) Барскандын жанындагы шаардын аталышы. Махмуд Кашгаринин сөздүгүндө (Диван лугат ит-түрк) ал шаарга жакын жердеги ашуу дагы «Йавгу арт» деп аталган.

Ад.: Бернштам А. Н. Социально-экономической строй орхоно-енисейских тюрок VI–VIII веков. М.; Л., 1946; Малов С. Памятники древнетюркской письменности. Тексты и исследования, М.; Л., 1951; Кляшторный С. Г. Древнетюркские рунические памятники как источник по истории Средней Азии. М., 1964.

Т. Жуманалиев.