ЖАБГУ
ЖАБГУ, йавгу – 1) байыркы Түрк кагандыгында (кара: Улуу Түрк кагандыгы) колдонулган жогорку наамдардын бири. Махмуд Кашгари боюнча хандан (кара: Каган) эки баскыч төмөн турган кызматтык даража. Байыркы Кытай тарыхый даректеринде «шеху» түрүндө кезигет. Айрым окумуштуулардын пикиринде алгач бул термин юэчжи-эфталиттердин (кара: Кушан падышалыгы) мезгилинде колдонулган. Баштапкы маанисинде yavuga (yam – жетектөө, башкаруу), ошондуктан Жабгу деген сөз адегенде саккушандарда ат атооч катары колдонулуп, кийин наамды билдирип калган. Жабгу наамын Бумын кагандын мезгилинде Батыш Түрк кагандыгынын башчысы Истеми алып жүргөн. Бийликтин жогорку баскычында кагандын эң жакын жардамчылары катары кагандын балдарынан же туугандарынан жабгу жана шадылар дайындалып, эреже боюнча алар аскердин сол же оң канатына башчылык кылышкан. 2) Барскандын жанындагы шаардын аталышы. Махмуд Кашгаринин сөздүгүндө (Диван лугат ит-түрк) ал шаарга жакын жердеги ашуу дагы «Йавгу арт» деп аталган.
Ад.: Бернштам А. Н. Социально-экономической строй орхоно-енисейских тюрок VI–VIII веков. М.; Л., 1946; Малов С. Памятники древнетюркской письменности. Тексты и исследования, М.; Л., 1951; Кляшторный С. Г. Древнетюркские рунические памятники как источник по истории Средней Азии. М., 1964.
Т. Жуманалиев.