ЖУНУСОВ Бейшенбай
ЖУНУСОВ Бейшенбай Мамбетөмүрович [28. 11. 1957, СССР, Кыргыз ССРи, Тянь-Шань (азыркы Нарын) облусу, Ат-Башы району, Ат-Башы кыштагы] – генерал-майор (2004). 1980-жылы Фрунзе шаарындагы политехникалык институтту (ФПИ), 1987-жылы СССР Мамлекеттик Коопсуздук комитетинин Ю. В. Андропов атындагы институтун бүтүргөн. 1980–1981-жылдарда ФПИнин механика-машина куруу факультетинде комсомол комитетинин секрета-

ры, 1981–1984-жылдарда Кыргыз ССР Мамлекеттик Коопсуздук комитетинде бөлүмдүн кенже, улук оперуполномочени, бөлүмдүн начальнигинин орун басары, начальниги, 1991–1996-жылдарда Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Коопсуздук комитетинде бөлүмдүн начальнигинин орун басары, Кыргыз Республикасынын тышкы экономикалык байланыштар боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Коопсуздук комитетинин төрагасынын орун басары – бөлүмдүн начальниги, 1996–2001-жылдарда Кыргыз Республикасынын Улуттук Коопсуздук министринин орун басары, Улуттук Коопсуздук министрлигинде башкармалыктын начальниги, башкы башкармалыктын начальниги, 2001–2005-жылдарда Кыргыз Республикасынын Улуттук Коопсуздук кызматынын башкы башкармалыгынын начальниги, төраганын орун басары, 2005–2007-жылдары Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин алдындагы коргоо жана укук тартиби бөлүм башчысынын орун басары, бөлүм башчысы. 2011–2012-жылдары Кыргыз Республикасынын Президентинин аппаратында мониторинг жана стратегиялык анализди өнүктүрүү бөлүм башчысынын орун басары, Президенттин кеңешчиси. 2012–2013-жылдары Кыргыз Республикасынын Улуттук Коопсуздук Мамлекеттик комитетинин төрагасы, 2013–2015-жылдары Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин катчысы болуп иштеген. 3-даражадагы «Манас» ордени (2000) ж.б. медалдар менен сыйланган.