ЖЫГАЧ АРХИТЕКТУРАСЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:20, 30 Июль (Теке) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖЫГАЧ АРХИТЕКТУРАСЫархитектура­нын жыгачтан имарат куруу тармагы; ал ж ы­г а ч т ы н түрдүү касиетинен жана куруу ыкмасынан келип чыккан өзгөчөлүктөргө ээ. Жыгач бекем, жеңил жана иштетүүгө ыңгайлуу болгон­дуктан, ал жакшы курулуш материалы болуп саналат. Жыгач архитектурасы – курулуш иштеринин байыркы түрлөрүнүн бири. Жыгач курулушу 2 конструк­циялуу системада: көтөрмө (ичинде топурак, кум-таш жана башкалар түшүп кетпегендей кылып жы­гачтан

Чердынидеги турак үйлөр. 19-к.
Чердынидеги турак үйлөр. 19-к.

жасалган 4 бурчтуу курулуш) жана кереге түрүндө өнүккөн. Керегелүүсү нечен кылымдан бери өзгөрүүсүз колдонулуп келет. Мурда көп элдерде (айрыкча оруста) жыгачтан шаар, кыш­тактар салынган. Жыгач өрткө жана узак убакытка туруштук бере албагандыктан, жыгач архитектурасынын байыркы эстеликтери жок болуп кеткен. Неги­зинен XVII–XIX жана бир аз XII–XVI кылымдардагы курулуш­тар сакталган. Жыгач архитектурасы шаарлардын калыптаны­шында зор роль ойногон. Байыркы жыгач курулуштар адабий маалыматтар боюнча гана бел­гилүү. Көтөрмө тутумдуу турак жайлар Россия, Беларуссия, Украина, Балтика бою, Польша, Румыния, Финляндия жана башка өлкөлөрдө көп кездешет. Чарба курулуштарын (кампа, тегир­мен, көпүрө, мончо) жана башкаларды курууда калк арасы­нан чыккан чеберлердин өнөрү кеңири та­ралган.

Б о р г у н н д а г ы ставкирка. Нор­вегия. 1150-ж. чен.

Ад.: Всеобщая история архитектуры. Т. 4–9. М., 1966–71; Лисенко Л. М. Дерево в архитектуре. М., 1984.