ЖЫГАЧ-КОРГОН
ЖЫГАЧ-КОРГОН , С ы м к а т, Ф р у нз е – Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы кыштак. Ленин атындагы айыл округуна караштуу. Көгарт суусунун оң жээгинде, деңиз деңгээлинен 980 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Сузак кыштагынан 42 км түндүктө. Багыш темир жол бекетинен 27 км. Кыштак 1915– 20-жылдарда негизделген. Калкы 3166 (2022); негизинен жүзүмчүлүктө, дыйкан чарбасында ж-а багбанчылыкта эмгектенет. Орто мектеп, клуб, ФАП бар.