ЖЫЛУУ-БУЛАК

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:53, 31 Июль (Теке) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖЫЛУУ-БУЛАК – Ысык-Көл облусунун Түп районундагы кыштак. Чоң- Таш айыл округуна ка­раштуу. Түп өрөөнүнүн түндүгүндө, Күнгөй Ала- Тоонун этегинде, деңиз деңгээлинен 1730 м бийикте жай­гашкан. Райондун борбо­ру Түп кыштагынан 26 км чы­гыш тарапта. Балыкчы темир жол бекетинен 217 км. Калкы 1761 (2022); негизи­нен мал чарбасы м-н алек­тенет. Негизги мектеп, мед­пункт, китепкана бар.