ИШЕКЕЕВ
ИШЕКЕЕВ Назаркул (18. 2. 1955-ж. т., Нарын обл., Кочкор р-ну, Төрт-Күл айылы) – педагог, педагогика илимд. доктору (1994), проф. (1996), КР эл агартуусунун отличниги (1988). КМУнун филология факультетин бүтүргөн (1976). Бишкек шаардык № 3 музыкалык орто мектепте мугалим (1976), «Ленинчил жаш» гезитинде адабий кызматкер, 1977-жылдан КМУда окутуучу, ага окутуучу (1983–85), доцент (1986–95), декан (1995–2007), ошол эле учурда кыргыз тилин жана адабиятын окутуунун методикасы кафедрасынын башчысы (1998–2000) болуп эмгектенген. 2008-жылдан ошол эле жерде кайрадан кафедра башчысы. Анын кыргыз адабиятын окутуунун тарыхы жана анын актуалдуу маселелери, методика илиминин өнүгүшү жана калыптанышы, прозалык чыгармаларды мектептерде окутуунун мазмуну жана формалары жана башка маселелерге арналган 200гө жакын илимий эмгектери, монография, окуу китептери бар.
Эмг.: Жалпы билим берүүчү орто мектептерде эпикалык чыгармаларды окутуунун методикасы. Ф., 1988; Кыргыз адабиятын мектептерде окутуунун тарыхы. Б., 1994; Кыргыз адабиятынын окуу китептери: өткөнү, бүгүнкүсү жана келечеги. Б., 2010.