КАЙМАК
КАЙМАК – ынак сүттү сүт тартуучу машинада (сепаратордо) тартуу менен алынуучу сүт азыгы; сүттөн даярдалган байыркы сүт азыгынын бири. Сүт тартуучу машина ойлоп чыгарылганга чейин каймак алуу үчүн уйдун, койдун жана эчкинин сүтү бышырылып же чийки 12–24 саат коюлуп, үстүңкү катмары калпып алынган. Каймак . жасалышы жана даамына жараша айырмаланат. Чийки сүттүн каймагы камкаймак, бышырылган нак сүттүкү коймо каймак., чөбөгөсү бөлүнбөй, чала сызгырылып, ага ун чалынып, сүт, бал кошулганы бал каймак, жылуу сүттү машинада тартып алынганы тартылган каймак, тартылган каймакка айран кошуп, бир нече саат муздатылып, өнөр жайда чыгарылганы ачытма каймак (сметана) деп аталат. Азыр каймакты массалык чыгаруу атайын сүт заводдорунда жүргүзүлөт. Каймак демейде 10, 20, 35%түү майлуулукта чыгарылат. Каймактын курамында 10– 35% май, 3,4%тей белок, 4,2%ке жакын сүт канты, минерал заттар 0,3–0,6% болот. Тамак-аш өнөр жайында кургак каймак . да жасалат. Каймак. май, ачытма каймак. бал муздак жана башка азыктарды алууда пайдаланылат.