БҮТКҮЛ СОЮЗДУК ЛЕНИНДИК КОММУНИСТТИК ЖАШТАР СОЮЗУ: нускалардын айырмасы
vol2_>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
(One intermediate revision by one other user not shown) | |||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''БҮТКҮЛ СОЮЗДУК ЛЕНИНДИК КОММУНИСТТИК ЖАШТАР СОЮЗУ, ''' ВЛКСМ – СССРде жаштардын коомдук-саясий уюму. 1918- | '''БҮТКҮЛ СОЮЗДУК ЛЕНИНДИК КОММУНИСТТИК ЖАШТАР СОЮЗУ, ''' ВЛКСМ – СССРде жаштардын коомдук-саясий уюму. 1918-жылы 29-октябрда Бүткүл Россиялык жумушчу жана дыйкан жаштар союзунун 1-сьездинде уюшулуп, алгач Россия коммунисттик жаштар союзу (РКСМ), 1924-жылдан – Россия лениндик коммунисттик жаштар союзу (РЛКСМ), 1926-жылдан БСЛКЖС (ВЛКСМ) деп аталган жана КПССтин көзөмөлү астында иш жүргүзгөн. Жаштардын бул уюму Совет бийлигинин алгачкы жылдарында активдүүлүгүн көрсөтүп, граждандык согуш учурундагы каармандыгы үчүн 1928-жылы Кызыл Туу, өлкөнү индустриялаштырууга, коллективдештирүүгө кошкон салымы үчүн 1931-жылы Эмгек Кызыл Туу, 1945-жылы Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында көрсөткөн эрдиги үчүн Ленин ордендери, согуштан кийин бүлүнгөн чарбаны калыбына келтирүүдө кошкон салымы үчүн 2-жолу Ленин ордени, 1968-жылы ВЛКСМдин 60 жылдык юбилейинде Октябрь Революциясы ордени менен сыйланган. ВЛКСМдин жаштар, пионерлер, балдар үчүн СССР элдеринин 22 тилинде 200дөн ашуун гезит-журналдары чыгып турган. Алардын ичинен «Комсомольская правда», «Пионерская правда», «Ленинчил жаш» (Кыргызстанда) гезиттери, «Комсомольская жизнь», «Смена», «Мурзилка», «Пионер», «Жаш Ленинчи» (Кыргызстанда) журналдары кеӊири белгилүү болгон. 1991-жылы сентябрь айында өткөн ВЛКСМдин 22-съездинде СССРдин тарашына жана КПССтин иш-аракеттери токтогонуна байланыштуу бул уюмдун жаштардын коммунисттик федерациясы катары саясий маанисин жоготкондугу белгиленип, ишмердиги токтогон. | ||
[[Category: 2-том]] | [[Category: 2-том]] | ||
03:07, 20 Май (Бугу) 2024 -га соңку нускасы
БҮТКҮЛ СОЮЗДУК ЛЕНИНДИК КОММУНИСТТИК ЖАШТАР СОЮЗУ, ВЛКСМ – СССРде жаштардын коомдук-саясий уюму. 1918-жылы 29-октябрда Бүткүл Россиялык жумушчу жана дыйкан жаштар союзунун 1-сьездинде уюшулуп, алгач Россия коммунисттик жаштар союзу (РКСМ), 1924-жылдан – Россия лениндик коммунисттик жаштар союзу (РЛКСМ), 1926-жылдан БСЛКЖС (ВЛКСМ) деп аталган жана КПССтин көзөмөлү астында иш жүргүзгөн. Жаштардын бул уюму Совет бийлигинин алгачкы жылдарында активдүүлүгүн көрсөтүп, граждандык согуш учурундагы каармандыгы үчүн 1928-жылы Кызыл Туу, өлкөнү индустриялаштырууга, коллективдештирүүгө кошкон салымы үчүн 1931-жылы Эмгек Кызыл Туу, 1945-жылы Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында көрсөткөн эрдиги үчүн Ленин ордендери, согуштан кийин бүлүнгөн чарбаны калыбына келтирүүдө кошкон салымы үчүн 2-жолу Ленин ордени, 1968-жылы ВЛКСМдин 60 жылдык юбилейинде Октябрь Революциясы ордени менен сыйланган. ВЛКСМдин жаштар, пионерлер, балдар үчүн СССР элдеринин 22 тилинде 200дөн ашуун гезит-журналдары чыгып турган. Алардын ичинен «Комсомольская правда», «Пионерская правда», «Ленинчил жаш» (Кыргызстанда) гезиттери, «Комсомольская жизнь», «Смена», «Мурзилка», «Пионер», «Жаш Ленинчи» (Кыргызстанда) журналдары кеӊири белгилүү болгон. 1991-жылы сентябрь айында өткөн ВЛКСМдин 22-съездинде СССРдин тарашына жана КПССтин иш-аракеттери токтогонуна байланыштуу бул уюмдун жаштардын коммунисттик федерациясы катары саясий маанисин жоготкондугу белгиленип, ишмердиги токтогон.