БҮТҮМ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
No edit summary
 
1 сап: 1 сап:
'''БҮТҮМ ''' – 1) юрид. жак ж-а жеке адамдар ортосундагы укуктук мамилелерди‚ а. и. тышкы экон. ишмердик чөйрөсүндө чарбалык маселелерди түзүүгө багытталган иш-аракет. Бир жактуу чарбалык Б. (мураска‚ белекке‚ белгилүү бир иш-аракетке ишеним кат берүү) ж-а эки же андан көп жак катыша турган өз ара Б. (бул учурда ''келишим‚ контракт'' ж. б. түзүлөт) болот. Б. ''маркетингдин'' маанилүү түшүнүктөрүнүн бири болуп саналат‚ ал сатуу-сатып алуу ''актысынын'' түзүлүшүн аныктайт ж-а жок дегенде эки субъектинин кызыкчылыгын көздөйт‚ макулдашуунун шарттарын‚ мөөнөттөрүн ж-а ордун белгилейт. Маркетинг көз карашынан алганда Б-дөр ''товарды акчага'' алмашканда акча Б-ү‚ ''бартердик'' Б. ж-а ''компенсациялык'' Б. болуп бөлүнөт; 2) адабий же муз. чыгарманы же анын кандайдыр бир бөлүгүн корутундулоочу компоненти. Б-дүн түрлөрү көп: ''эпилог,'' мораль (тамсилде), клаузула (ырда, муз. чыгармаларда); 3) китептеги тексттин же анын бөлүмдөрүнүн аягын кооздоп турган сүрөт же оймо-чиймелүү графикалык композиция.
'''БҮТҮМ ''' – 1) юридикалык жак жана жеке адамдар ортосундагы укуктук мамилелерди‚ анын ичинде тышкы экономикалык ишмердик чөйрөсүндө чарбалык маселелерди түзүүгө багытталган иш-аракет. Бир жактуу чарбалык Бүтүм (мураска‚ белекке‚ белгилүү бир иш-аракетке ишеним кат берүү) жана эки же андан көп жак катыша турган өз ара Бүтүм (бул учурда ''келишим‚ контракт'' ж. б. түзүлөт) болот. Бүтүм ''маркетингдин'' маанилүү түшүнүктөрүнүн бири болуп саналат‚ ал сатуу-сатып алуу ''актысынын'' түзүлүшүн аныктайт жана жок дегенде эки субъектинин кызыкчылыгын көздөйт‚ макулдашуунун шарттарын‚ мөөнөттөрүн жана ордун белгилейт. Маркетинг көз карашынан алганда Бүтүмдөр ''товарды акчага'' алмашканда акча Бүтүмү‚ ''бартердик'' Бүтүм жана ''компенсациялык'' Бүтүм болуп бөлүнөт; 2) адабий же музыкалык чыгарманы же анын кандайдыр бир бөлүгүн корутундулоочу компоненти. Бүтүмдүн түрлөрү көп: ''эпилог,'' мораль (тамсилде), клаузула (ырда, музыкалык чыгармаларда); 3) китептеги тексттин же анын бөлүмдөрүнүн аягын кооздоп турган сүрөт же оймо-чиймелүү графикалык композиция.
[[Category: 2-том]]
[[Category: 2-том]]

03:20, 20 Май (Бугу) 2024 -га соңку нускасы

БҮТҮМ – 1) юридикалык жак жана жеке адамдар ортосундагы укуктук мамилелерди‚ анын ичинде тышкы экономикалык ишмердик чөйрөсүндө чарбалык маселелерди түзүүгө багытталган иш-аракет. Бир жактуу чарбалык Бүтүм (мураска‚ белекке‚ белгилүү бир иш-аракетке ишеним кат берүү) жана эки же андан көп жак катыша турган өз ара Бүтүм (бул учурда келишим‚ контракт ж. б. түзүлөт) болот. Бүтүм маркетингдин маанилүү түшүнүктөрүнүн бири болуп саналат‚ ал сатуу-сатып алуу актысынын түзүлүшүн аныктайт жана жок дегенде эки субъектинин кызыкчылыгын көздөйт‚ макулдашуунун шарттарын‚ мөөнөттөрүн жана ордун белгилейт. Маркетинг көз карашынан алганда Бүтүмдөр товарды акчага алмашканда акча Бүтүмү‚ бартердик Бүтүм жана компенсациялык Бүтүм болуп бөлүнөт; 2) адабий же музыкалык чыгарманы же анын кандайдыр бир бөлүгүн корутундулоочу компоненти. Бүтүмдүн түрлөрү көп: эпилог, мораль (тамсилде), клаузула (ырда, музыкалык чыгармаларда); 3) китептеги тексттин же анын бөлүмдөрүнүн аягын кооздоп турган сүрөт же оймо-чиймелүү графикалык композиция.