БӨДӨНӨ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
No edit summary
 
(One intermediate revision by one other user not shown)
1 сап: 1 сап:
'''БӨДӨНӨ ''' (Coturnix coturnix) – кыргоолдор тукумундагы канаттуу. Дене уз. 20 ''см'', салм. 100–145 ''г''. Жону ак темгилдүү, боз чаар, боору агыш сары, корозунун алкымы саргыч, мекияныныкы саргыч чаар. Европа, Азия, Африка, Индияда, О. Азиянын түш. жактарында кезигет. Кырг-ндын ойдуӊ ж-а тоо арасындагы талааларында көп учурайт, айрымдары Кочкор, Чүй өрөөнүндө кыштап калат. Б. курт-кумурска, өсүмдүк жалбырагын, бүчүрүн ж-а уругун жейт. Уясын бадал же куурай, чий арасына салат, кара чаар күрөӊ жумуртка тууп, басып чыгарат. 16–18 жумада уча баштайт. Б-нүн эти даамдуу. Сайроочу куш катары үйдө да багылат.
'''БӨДӨНӨ ''' (Coturnix coturnix) – кыргоолдор тукумундагы канаттуу. Дене узундугу 20 ''см'', салмагы 100–145 ''г''. Жону ак темгилдүү, боз чаар, боору агыш сары, корозунун алкымы саргыч, мекияныныкы саргыч чаар. Европа, Азия, Африка, Индияда, Орто Азиянын түштүк жактарында кезигет. Кыргызстандын ойдуӊ жана тоо арасындагы талааларында көп учурайт, айрымдары Кочкор, Чүй өрөөнүндө кыштап калат. Бөдөнө курт-кумурска, өсүмдүк жалбырагын, бүчүрүн жана уругун жейт. Уясын бадал же куурай, чий арасына салат, кара чаар күрөӊ жумуртка тууп, басып чыгарат. 16–18 жумада уча баштайт. Бөдөнөнүн эти даамдуу. Сайроочу куш катары үйдө да багылат.
[[Category: 2-том]]
[[Category: 2-том]]

05:31, 20 Май (Бугу) 2024 -га соңку нускасы

БӨДӨНӨ (Coturnix coturnix) – кыргоолдор тукумундагы канаттуу. Дене узундугу 20 см, салмагы 100–145 г. Жону ак темгилдүү, боз чаар, боору агыш сары, корозунун алкымы саргыч, мекияныныкы саргыч чаар. Европа, Азия, Африка, Индияда, Орто Азиянын түштүк жактарында кезигет. Кыргызстандын ойдуӊ жана тоо арасындагы талааларында көп учурайт, айрымдары Кочкор, Чүй өрөөнүндө кыштап калат. Бөдөнө курт-кумурска, өсүмдүк жалбырагын, бүчүрүн жана уругун жейт. Уясын бадал же куурай, чий арасына салат, кара чаар күрөӊ жумуртка тууп, басып чыгарат. 16–18 жумада уча баштайт. Бөдөнөнүн эти даамдуу. Сайроочу куш катары үйдө да багылат.